• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тажикстандын он бир жараны айып пул менен бошотулду

6 Кулжа 2022 18:28 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Сүлүктү шаарындагы көмүр кендеринин биринде иштеп жүргөн жеринен 29-апрелде кармалган Тажикстандын 11 жаранына карата Лейлек районунун соту чечим чыгарды.

3-июндагы сот чечими менен алардын ар бирине 50 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, бошотулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен облустук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

Тажикстандын жарандарына «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» беренеси менен иш козголгон. Алар Тажикстандын Согд облусунун Жаббар Расулов районунун тургундары болгон.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алака 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин солгундап кеткен. Бул окуядан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.

2021-жылы Тажикстандын Согд облусунда 39 кыргызстандык чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн соттолгон.

Кыргызстанда да ондогон тажикстандык жарандар чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айып менен жоопко тартылган. Алардын айрымдарына чек арадагы жаңжалдарга катышканы үчүн айып тагылган. Кыргызстанда канча тажикстандык камакта отурганы так айтылган эмес.

Быйыл январда Тажикстандагы түрмөдө жазасын өтөп жаткан кыргызстандык жаран каза болду.

Количество просмотров: 186