• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Тажикстандын премьер-министри Кыргызстанга келди 

26 Тогуздун айы 20239:36 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

“Манас” эл аралык аэропортунан Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Кохир Расулзода үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат.

Количество просмотров: 66