• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Тажикстандын саламаттык сактоо министри кызматтан алынды

6 Бугу 2020 9:55 Бишкек Govori.TV

 Тажикстандын саламаттык сактоо министри Насим Олимзода 5-майда кызматтан алынды. Өлкө президенти Эмомали Рахмондун жарлыгында анын «башка ишке өткөндүгү» жазылган.

Олимзоданын ордуна «Истиклол» медициналык борборунун жетекчиси, Тажикстан мамлекеттик медицина университетинин профессору Жамолиддин Абдуллозода дайындалды.

Олимзода өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигин 2017-жылдан бери башкарып келген. Азырынча ага кайсыл кызмат сунушталганы белгисиз.

Тажик бийлиги 30-апрелде гана өлкөдө коронавирус катталганын билдирген. Ага чейин илдетке чалдыккандар жоктугу маалымдалып, тийиштүү карантин чаралары көрүлгөн эмес. 5-майга карата өлкөдө коронавирус 300гө жакын адамга жукканы, алардын бешөө көз жумганы расмий кабарланды.

Количество просмотров: 60