• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тажикстанга кире качкан этникалык кыргыздар артка кайтарылды

19 Теке 2021 11:17 Бишкек Govori.TV

13-14-июль күндөрү талибдерден качып Тажикстанга өтүп кетишкен Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Вахон районундагы Андемин айылынын тургундары 17-18-июлда туруктуу жашаган жерине кайтышты. Бул тууралуу Тажикстандын улуттук «Ховар» маалымат агенттиги жазды.

345 качкын 4000 үй жаныбарлары жана унаалары менен үйлөрүнө кайтышты.

Чек арачылардын айтымында, Ооганстан өкмөтү тарабынан алардын коопсуздугу кепилденгенден кийин качкындарды кайраруу Мургаб районунун Кызыл-Работ айылы аркылуу уюштурулган.

«Мургаб чөлкөмүнүн Чоштеппа жана Дуютук участкаларында жүргөндө Ооганстандын качкындарына БУУнун Качкындардын статусу жөнүндө конвенциясына ылайык тажик тараптан убактылуу жашоого жер, тамак-аш, кийим-кече жана медициналык жардам көрсөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.

13-14-июль күндөрү Ооганстанда жашаган 347 кыргыз тургун(анын ичинен 91 эркек, 77 аял, 177 жашы жете элек өспүрүмдөр (64 эркек бала, 113 кыз) талибдерден качып Тажикстан өтүп кетишкен. Мамлекеттик чек арадан өтүп жатканда эки ымыркай чарчап калган.

Кыргыз бийлиги Тажикстан менен БУУга этникалык кыргыздарды Кыргызстанга көчүрүп келүүгө көмөктөшүгө даяр экенин билдирген.

Количество просмотров: 274