• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Теңирчилер Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасын кызматтан кетүүсүн талап кылышты

18 Тогуздун айы 2019 16:29 Бишкек Govori.TV

Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов кызматтан кетиш керек. Бул тууралуу Чет өлкөлөр менен достук жана кызматташтык бирлигинин төрагасы Арсланбек Малиев бүгүн,17-октябрда журналистерге уюштурулган маалымат жыйында билдирди.

 Анын айтымында, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия «Теңирчиликти» диний уюм катары каттоо үчүн алар тиешелүү  документтерди чогултуп берген эмес деп айтканы жалган.

Ал эми «Манас Ордо» коомунун төрагасы Анарбек Усупбаев 2012-жылдын январында «Теңирчилик» диний уюмун расмий каттатууга аракет кылганын жана зарыл болгон документтердин бардыгын топтоп, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга өткөргөн. Бул ведомство документтерди экспертизага жөнөтүп, андан соң каттоодон баш тартканын айтты.

Биз эмне үчүн документтарди кайра өткөрүшүбүз керек? Бир жолу документ бердик жана соттон утуп алдык. Кайра экинчи жолу кайталашыбыз керекпи? Биз кайра берүүгө милдеттүү эмеспиз, аларда бардык документтерибиз бар. Эргешов болбосо бизден пара күтүп жатат», — деп кошумчалады Усупбаев.

 Эске салсак, 16-октябрда парламентте «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланган. Анда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов депутат Улукбек Ормоновдун суроосуна жооп берип жатып, теңирчилик Кыргызстанда диний уюм катары каттоодон өтпөгөнүн, ошондуктан диний уюм катары эсептелбей турганын билдирген эле.

Количество просмотров: 131