• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

ЭлТР менен “ПолитКлиниканын” иши: Сот доогердин суранычын жарым-жартылай канааттандырды

26 Аяк оона 2023 13:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда ЭлТРдин “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызы боюнча чечим чыгып, сот доогердин суранычын жарым-жартылай канааттандырды. Бул тууралуу маалымат «ПолитКлиника» медиасынын сайтында жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбек тарабынан “Детектор” көрсөтүүсүндө “ЭлТР телеканалынын кезектеги калпын жана манипуляциясын айтып беремин”, “2020-жылдан октябрь айынан тартып, өлкөнүн энерго тармагына сырттан насыялар алынган. Журналисттердин С.Жапаров мезгилинде энергетика тармагына бир да сом карыз алынган эмес деп маалымат тараткандыгы калп экенин далилдеп турат”, “Башкача айтканда ЭлТР телеканалынын журналисттери С.Жапаровдун учурунда энергетика тармагына бир да сом карыз алынган жок деген маалымат жалган жана манипуляция болуп эсептелинет” деген сөздөрүн төгүндөө чечимин чыгарды.

Ал эми доогердин башка өтүнүчтөрү канаттандырылган жок. 

Юристтердин айтымында, соттун чечими 5 жумушчу күндө колго тиет, ошондон кийин ага анализ жүргүзүп, апелляциялык арыз даярдоо маселеси талкууланат.

Эске салсак, 4-февралда «ПолитКлиника» ЭлТРдин «Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес» дегени калп» деген тема менен ачык булактарга таянган материал жарыялаган. Анда басылма ЭлТРдин 31-январда чыккан «Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?» аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген. Ал эми мамлекеттик ЭлТР телеканалы «ПолитКлиниканы» сотко берген.

Количество просмотров: 45