• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Текебаев, Акаев, Сариев, Момбеков биригип шайлоого барат

5 Кулжа 202010:46 Бишкек Govori.TV

Бугүн, 5-июнда Кыргызстандагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаевдер парламенттик шайлоого катышуу үчүн бириккендиктери тууралуу билдиришти.

Депутат Рыскелди Момбеков ынтымак үчүн биригип жатабыз десе Жанар Акаев таза, ичип-жебеген тескерисинче кустура тургандардын башы бирикти деп эсептейт.

Ал эми мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев алдыда жаштардын күчү менен билимин жана такшалып калган саясатчылардын тажырыйбасын колдонуша турганын айтты.

Количество просмотров: 9699