Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Руслан Казакбаевдин уулунун тоюна барган саясатчылар Текебаев жана Бабановго мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр күтүлбөгөн жерден келип салам айтып, анын демилгеси менен үчөө сүрөткө түшүштү. Бул тууралуу фейсбук колдонуучу Искен Афиджанов жазды.
Ал эми «Ата Мекен» партиясынын мурунку лидери Өмүрбек Текебаев Кадыр Атамбаевге «кесиптеш ката кетирүүдөн коркпо, ал өзүңдү өркүдөтүүнүн мыкты жолу болуп саналат’, — деген сөздөрүн айткан.