• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Текебаев бир жолу мактаса, Мадумаров көп жолу мактаган …

14 Үчтүн айы 2019 14:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.01.2019. Govori.TV

Өткөн жумада саясатчы Өмүрбек Текебаев “Супер-Инфо” гезитине маек берип, саясатчы Адахан Мадумаров тууралуу жакшы пикирлерин айткан.

Мадумаров 1995-жылдан бери кыргыз саясий ландшафтында калдайган орунду ээлеген фигура. Бүгүн Кыргызстанда беш саясий лидер болсо, ошонун бирөө, экөө болсо, ошонун бирөө. Адахан Кимсанбаевичтин бүгүнкү тарыхый кырдаалдагы абалына ушундай баа берем.

Эске салсак, “Өмүрбек Текебаев Кыргызстандагы беш мыкты саясатчынын бири” экенин 60 жылдык юбилейинин алдында Адахан Мадумаров дагы айткан эле.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо “кызыл чеке” болгон бул эки саясатчынын бири-бири тууралуу айткан жылуу пикирин коомчулук саясаттагы бурулуштун кадамы катары дагы баалаганга үлгүрүштү.

Өмүрбек Текебаев Адахан Мадумаров тууралуу алгачкы жолу агынан жарылып, маек берсе Адахан Мадумаров камакта отурган кесиптешине   көп   жолу жакшы сөздөрүн арнаган. Тарыхый инсандар менен салыштырган учурлары дагы жок эмес.

 Тирүү кезинде бири-бирине согуш ачууга даяр болуп олтурган Сталин менен Черчилль. Сталин каза болду, Черчилль “Эгерде менден 20-кылымдагы адамзаттын ичиндеги эң улуу инсан ким деп сураса, мен түк ойлонбой туруп Сталин деп айтам”,- деп пикирин айтты. Мына, берген баасы. Рузвельт менен Черчилль бириксе Сталин алсыз болуп калмак.

Депутат, парламентарийдин классикалык түшүнүгүндө ал киши өтө бийик адис. Мага канчалык каршы иштесе дагы айтам. Текебаев Кыргызстандагы мыкты парламентарий, анын деңгээлине жете тургандар саналуу эле болот. Алар да жетсе жетет, жетпесе жок.

“Супер ИНФО”гезитине берген маегинде саясатчы Өмүрбек Текебаев Адахан Мадумаров экөөнүн окшоштугун төмөндөгүдөй берген.

Мадумаров менен мен саясий оппонент деле эмесмин. Биздин идеябыз, идеологиябыз 90 пайызга дал келет. Ал идеология – элге кызмат кылган, патриоттук бийлик системин түзүү. Кыргызстанда мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү орнотуу. Улуттук байлык эл үчүн пайдаланылып, адилеттүү түрдө калктын бардык катмарына бөлүнүшүн камсыз кылуу. Таза шайлоолор менен эл тандаган, эл сыйлаган мамлекеттик бийликти түзүү. Болгон айырмабыз – мен парламенттик системди колдосом, ал президенттик системди колдоп келет. Болгон айырма ушул. Мен жана айткандай, биздин көз караштар 90 пайыз дал келет.

Эки жыл мурун Адахан Мадумаров ошол кездеги президенттик администрацияны жетектеген Фарид Ниязовду Өмүрбек Текебаевге жетүүгө көп бар экенин айтып зекиген эле.

Количество просмотров: 39