• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Текебаев Мадумаровду мактады

11 Үчтүн айы 2019 14:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.01.2019. Govori.TV

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев супер инфого маек берип, саясатчы Адахан Мадумаров тууралуу пикирин билдирди. Ал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду.

“Адахан менен мен 1995-жылдары таанышып, чогуу иштеп келе жатабыз. Ал мени улуу катары ар дайым сыйлайт. Эл алдында бир да жолу өзү мага каяша айтып, тийишкен эмес. Мен тийишсем, албетте ал ошого ылайык жообун кайтарат. “Тулпар тушунда” деп коет. Ошондой эле ар бир саясатчынын кел-кели келе турган мезгил, тарыхый доору болот. Мадумаров 1995-жылдан бери кыргыз саясий ландшафтында калдайган орунду ээлеген фигура. Бүгүн Кыргызстанда беш саясий лидер болсо, ошонун бирөө, экөө болсо, ошонун бирөө. Адахан Кимсанбаевичтин бүгүнкү тарыхый кырдаалдагы абалына ушундай баа берем”,-дейт Текебаев.

Количество просмотров: 37