• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Текебаев жатак абакка качан которулат?

24 Үчтүн айы 2019 12:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.01.2019. Govori.TV

 “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев жатак абакка 2020-жылдын 10-февралында которулат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров билдирди.

“Камакта отургандардын мөөнөтүн эсептеген атайын бөлүм бар. Алар камактагылардын күнүнөн, саатынан бери санашат. Эгер мөөнөтүнөн ашык отуруп калса, адамды мыйзамсыз камакта кармоо болуп эсептелет. Ошондуктан кылдаттык менен эсептелет. Мага кат жүзүндө да, оозеки да айтып көп адам кайрылат. “Отурган мөөнөтүбүздү карап бергиле. Туура эмес болуп жатат. Же жатак абакка которуп койгула” дешет. Ошолордун ичинде Текебаевдики да бар. Алардын мөөнөтүн санай турган адистер бизде гана бар. Жазаны аткарып жаткандыктан биздин эсебибиз туура болот. Эгер туура эмес болсо адистер мыйзамдын астында жооп берет”, — деди Жапаров.

Былтыр 22-декабрда ооруканага Өмүрбек Текебаев менен жолугушуу үчүн бир катар саясатчылар барган. Анда Текебаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып мыйзам боюнча ал эки айдан кийин жатак абакка которуларын айткан.

Улуттук кардиология борборунда дарылануусу аяктаганына байланыштуу Текебаев 9-январда кайра жазасын өтөп жаткан №47 түрмөгө кайтарылган.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга кесилген

Количество просмотров: 40