• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Текебаев депутаттык мандатын кайтарып алды

15 Тогуздун айы 2020 18:36 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берди. Бул тууралуу Gоvori.TVга БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, комиссия арызды бүгүн карап, көпчүлүк добуш менен мандатты кайтарып берүүнү чечишкен.

«Ооба, Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып алуу боюнча арызы бүгүн каралды. Ал Садык Шер-Нияздын ордуна депутат болуп келди»,-деди Бекматов.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазганы 10-октябрда белгилүү болгон. БШК аталган арызды 13-октябрда карап, бирок кворум жоктугуна байланыштуу кийинкиге жылдырылган.

13-октябрда БШК арызды канааттандыруудан баш тарткан. Мунун себебин Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Ата Мекен» фракциясында бош орун жоктугу менен түшүндүрүп, кимдир бирөө мандаттан баш тарткан учурда гана кайра кайтарып алууга болорун айтышкан. Мындан улам Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз мандатынан баш тарткан. Мунун себебин ал учурда парламентке Текебаевдей күчтүү саясатчы жетишпей жатканы менен түшүндүргөн.

Текебаев 2017-жылы соттолгондугуна байланыштуу мандатынан ажыратылган болчу.

Количество просмотров: 356