• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Текебаев: Контрабанда азыр да болуп жатат

26 Жетинин айы 2019 14:23 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан коррупциялашкан өлкө. Мындай пикирди «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, баардык тармактарда анын ичинде укук коргоо жана фискалдык органдарда коррупция бар.

“Менден башкасынын баардыгы коррупция болуп келген деп туруп, 2017-жылга келгенде каккан казыктай токтоп калып жатышат. Мен бүгүн да болуп жатат деп айтат элем. Күнөөлүүлөр жазаланыш керек. Бирок күнөлүүлөр абдан көп. Коррупцияга катардагы кызматкерден тартып, генералга чейин аралашкан. Мен ойлойм Азаттыктын иликтөөсү менен жарандардын кечээки талабы коррупция бүгүнкү күндө дагы актуалдуу экенин көрсөттү”,-деп билдирди Текебаев.

Количество просмотров: 64