• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Текебаев: Акаевдин «Кумтөр» үчүн күрөштө Кыргызстанга пайдасы тийет

3 Баш оона 2021 13:43 Бишкек Govori.TV

Мындай пикирин саясатчы Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, Акаев көптү билген, көрсөтмөлөрү салмактуу, ынанымдуу фигурант

«Кумтөр алтын кени үчүн күрөш улуттук идеяга айланган. Ал кандай идея? “Кыргызстандын табигый байлыгы — элдин менчиги. Ал элге гана кызмат кылат. Эч ким, өзгөчө чет элдик компания улуттук кызыкчылыктан, Кыргызстандын мыйзамдарынан жогору турбайт” деген идеалар. Узакка созулган Кумтөр алтын кенин Кыргызстанга алуу аракеттери эгемендүүлүк үчүн күрөштүн ачык, даана бир көрүнүшү. Кумтөр алтын кенин улутташтыруу боюнча президент Садыр Жапаров баштаган бийликтин демилгесин баарыбыз бир болуп, колдон келген жардамды көргөзүшүбүз керек. Кумтөр боюнча 2003-2009-жылдардагы келишимдерди Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы түзүлгөн коррупциялык келишим экенин далилдөө эл аралык сотто биздин өлкөнүн позициясын бекемдейт. Аскар Акаевдин ушундай тагдыр чечүүчү тарыхый учурда Кыргызстанга жардам берейин деген аракетин четке какпаганыбыз дурус. Акаев көптү билген, көрсөтмөлөрү салмактуу, ынанымдуу фигурант. Анын Кумтөр үчүн күрөштө Кыргызстанга пайдасы тийет. Ал эми Акаевдин башкаруу дооруна бериле турган баа, а эгер, мыйзам бузуулары болсо, жоопкерчилиги өзүнчө башка маселе»,-деп билдирген ал.

Эске салсак, Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Бишкекке 16 жылдан кийин кайтып келип, УКМКга сурак берди. Ал Кумтөр кенине байланышкан кылмыш иши боюнча тергөөнүн алкагында 2-августта Бишкекке келди.

Количество просмотров: 942