Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери, мурунку депутат Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи, мурунку министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо процесси 6-апрелге жылдырылды. Бул тууралуу жактоочу Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Анын айтымында, Алексей Модин менен Леонид Маевкийдин көрсөтмөсү боюнча Россиядан жооп келбегенине байланыштуу отурум жылдырылган.
Айыптоо тараптын версиясы боюнча, 2010-жылдын 13-майында Чотонов россиялык ишкер Леонид Маевский менен «Альфа Телеком» компаниясынын көзөмөлдөөчү пакет акциясынын суммасын сүйлөшүү үчүн «Супара» ресторанында жолугушкан.
2019-жылдын 29-августунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду үй камагына чыгарган болчу.