• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Текебаев менен Чотоновдун иши жабык каралууда

1 Тогуздун айы 2019 10:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-октябрда Биринчи май райондук сотунда буга чейин үй камагына чыгарылган Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралып жатат.

Соттук отурумда видео жана сүрөт тартууга тыюу салынып, жабык өткөрүү чечими чыкты. Учурда күбөлөр суралып жатат.

Эске салсак, 12-сентябрда болгон соттук отурумда күбөлөр келбей калганына байланыштуу сот иши 1-октябрга калтырылган.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга кесилген.

Количество просмотров: 73