• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Текебаев менен Чотоновдун сотунда кошумча күбөлөр суралды

11 Бештин айы 2019 16:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту бүгүн «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен ушул партиянын мүчөсү мурдагы элчи жана ӨКМ министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароону улантты. Соттук жараянда жактоочу Таалайгүл Токтакунова 2010-жылдын 13-майында Текебаев убактылуу өкмөттүн жыйынына кеткенин тастыкташ үчүн кошумча күбөлөрдү чакыруу өтүнүчүн келтирди.

Сот өтүнүчтү канааттандырып, мурдагы отурумда айыпталуучу тарап 9 адамды күбө катары чакыруу өтүнүчүн келтиргенин, күбөлөрдүн жалпы санын тактады.

Натыйжада биринчи болуп маанилүү күбөлөрдүн бири Зарина Молдоева көрсөтмө берди. Экинчи күбө Талас Өмүрзаковдун айтымында, Текебаев 2010-жылы 13-майда Роза Отунбаева уюштурган чукул жыйынга кеткен.

«2010-жыл баардык адамга белгилүү болсо керек. Ошол күнү саат түшкү 13:00 чамасында Жалал-Абад облусундагы Базаркоргондук жердештердин жыйынына жердештер чогулуп, Өмүрбек Чиркешовичге барганбыз. Эл абдан көп болчу. Ал эми Өмүрбек Чиркешович Роза Отунбаева убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн тез арада жыйынга чакырып жатканын айтып, шашып кеткен. Кечке маал келип, болгон кырдаалды түшүндүрдү»,-деди күбө. Бул маалыматты башка күбөлөр, ырастады.

Ал эми кийинки соттук отурум 20-декабрга белгиленди.

Эске сала кетсек, Жогорку сот быйыл 21-августта ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон. Азыр алар үй камагында.

Количество просмотров: 79