• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Текебаев «жаңы» жашоо баштады… Ал эми самбо менен алек

18 Аяк оона 2019 13:23 Бишкек Govori.TV

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев самбо боюнча СССРдин чемпиону, ал эми азыр Түндүк Америкадагы мыкты машыктыруучу Алмаз Досалиев менен жаңыдан машыгууну баштады. Бул тууралуу фейсбук колдонуучусу Искен Афиджанов өздүк баракчасына жарыялаган.

Өмүрбек Чиркешович «жаңы» жашоосун самбо боюнча СССРдин чемпиону, ал эми азыр Түндүк Америкадагы мыкты машыктыруучу Алмаз Досалиев менен машыгуудан баштап жатат, — деп жазган ал.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=2687678364627935&set=a.826086300787160&type=3&theater

Эске салсак, Жогорку сот 21-августта «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлүп, жараян 12-сентябрга белгиленген.

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту камакта жаткан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. 

Количество просмотров: 463