• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Текебаев Жапаровду колдоду

14 Тогуздун айы 2020 12:47 Бишкек Govori.TV

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев 12-13-октябрда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Алар өлкөдөгү кырдаал жөнүндө сүйлөшүштү. Бул тууралуу «Ата Мекендин» социалдык тармактагы баракчаларына жарыяланды.

Кырдаал татаал. Тез арада бир пикирге келбесек, өлкөнүн экономикасына, адамдардын коопсуздугуна чоң залака тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан, тез арада легитимдүү, мыйзамдуу Өкмөт түзүү зарыл деген пикирге келишти.

«Ата Мекендин» ички консультацияларынан кийин фракциясынын депутаттары «стабилдүүлүк, тынчтык, ынтымак, элдин бакубат турмушу үчүн, премьерликке Садыр Жапаровду колдоп беребиз» деген чечимге келишти.

Количество просмотров: 4044