• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Текебаев Жээнбеков менен жолукканда эмне маселе чечет? (Видео)

13 Аяк оона 2019 9:30 Бишкек Govori.TV

Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп калса кылмыш иши жөнүндө кеп козгобой турганын билдирди. Бул тууралуу ал 12-сентябрда соттон кийин журналистердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Дүйнөдө жана Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды талкуулайбыз. Бирок менин кылмыш ишим боюнча ал жакта кеп болбойт деп ойлойм.

Үй камагындагы «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мурдагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга расмий чакыруу албаганын маалымдады. Ал бул маалыматты массалык маалымат каражаттарынан укканын жана чакыруу болсо кабыл аларын айтты.

Количество просмотров: 104