• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Текебаев жубайы менен аянттан коронавируска каршы эмдөө алды

11 Теке 202122:52 Бишкек Govori.TV

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Омурбек Текебаев жубайы экөө Бишкектеги Курманжан Датка скверинин алдында ковидке каршы эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралуу партиянын Фейсбуктагы баракчасында жазылат.

Ушу тапта аталган скверде «көчмө эмдөө» акциясы өтүп жатат.

Акциянын алкагында каалоочулар ковидке каршы «Синофарм» вакцинасы менен акысыз эмделе алышат.

Белгилей кетсек, бүгүн Кытайдан 1 млн 250 миң доза вакцина алынып келинди.

Количество просмотров: 286