«Бүгүн кардиоборбордо абакта отурган саясатчы Өмүрбек Текебаевди саламаттыгы текшерилди. Текшерүү учурунда УКМКнын кызматкерлери уруксатсыз кабинетке кирип, дарыгердин текшерүүсүнө түздөн түз жолтоо болушту» -дейт адвокат.
Белгилей кетсек, саясий куугунтуктун негизинде, күнөөсү аныкталбай абакта отурган «Ата Мекен» партиясынын лидери, оппозициячыл Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгы адвокаттарынын, саясатчылардын, депутаттардын суранычы менен кардиоборборунда бүгүн 10-апрелде текшерилди.