«Урматтуу коллега Канат Хасанов, Жапыкеев Сыймыкты өзүн жактайсынбы? 26 май 2020 жылы саат 11.00дө күтөм Ленин райондук сотунан» деген билдирүүнү жактоочу Бактыбек Жумашев Фейсбук баракчасына жайгаштырды.
Бул билдирүүдөн соң коомчулукта түрдүү пикирлер жаралып, бир максатты көздөп, бир командада иштеген эки жактоочу карама-каршы чыгып жатабы деген сөздөр айтылды.
Белгилей кетсек, жактоочу Бактыбек Жумашев мурунку министр Дүйшөнкул Чотоновдун кызыкчылыгын коргоп, ал эми Канат Хасанов экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу болгон. Текебаев менен Чотоновго иш козголгондо эки жактоочу бир тарапка туруп, бир командада иштешкен белгилүү.
Ал эми учурда Хасанов «Чоң Казаттын» мүчөсү Сыймык Жапыкеевдин талабын талашса, Жумашев депутат Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусу.
Cоциалдык тармактарда «Чоң казат» деген уюмдун айрым аткаминерлердин, саясатчылардын байлыгы жөнүндө айтып чыкканы кызуу талкууланып жатат. Ага дейре бул кыймылдын мүчөсү деген Сыймык Жапыкеев аттуу мурдагы прокуратура кызматкери Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптап чыккан. Арасынан Жумалиевди кескин сындап, ишканаларын текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн. Көп өтпөй аны колдогон, мыйзамсыз байлыкты ашкерелөөгө чакырган маалыматтар байма-бай тарай баштаган.
Ички иштер министрлиги активист Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча «жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык» беренеси боюнча, ал эми Финансы полициясы Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге карата «мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча териштирүү баштады.