«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы каралды. Алар дагы 2 ай үй камагында болушат.
Мындай чечимди бүгүн, 24-февралда Бишкектеги Биринчи май райондук соту кабыл алган. Мындан сырткары, соттук териштирүүлөрдүн мөөнөтү узартылган.
Эске салсак, 2019-жылы 29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон. 12-сентябрда ишти кайра кароо башталган.