• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Телефон аркылуу алдамчылык кылган жаран кармалды

27 Бирдин айы 2024 10:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында милиция кызматкерлери телефон аркылуу алдамчылык кылган жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 25-февраль күнү милиция кызматкерлери Бишкек шаарында тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө телефондук алдамчылыкка байланыштуу кылмышка шектүү катары 2005-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран кармалды.

«Т.Р. атту жаран Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, 11-январда ага «WhatsApp» мобилдик тиркемеси аркылуу белгисиз адам телефон чалып, өзүн «Мбанктын» кызматкери деп тааныштырып, коопсуздук маселесине көмөк көрсөтүү шылтоосу менен деп алдоо жолу менен эсептен 1400 АКШ долларын, тиркеме аркылуу эки банкта жалпы суммасы 119 600 сом болгон насыя алышканын билдирген. Ошентип алдоо жолу менен жабырлануучунун 244 643 сом суммасында акча каражатын алып кетишкен. Кылмышка шектүү 2005-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран кармалып, сот тарабынан бөгөт кою чарасы камакка алуу түрү тандалды»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда кармалган адамды телефондук алдамчылыктын башка фактыларына катыштыгы экендиги боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 168