Бишкек.25.03.2019.Govori.TV.
Телефон уурдагандыгы үчүн бир жаран 5 күндүк коомдук иштерди аткаруу жазасын алды.
Маалыматка ылайык, тергөө аныктагандай, бир жаран ушул жылдын 6-январында болжол менен саат 18:00дө Ош базарынын эт бөлүмүнүн Киев көчөсүндөгү кире беришинен М.Ж. аттуу жарандын 9 миң 300 сомдук «Редми-6» үлгүсүндөгү телефонун уурдап алган. Ал окуя ошол жердеги видео көзөмөлгө түшүп калган.
Аталган окуя боюнча Бишкектин Ленин райондук соту 7-мартта Б.Т.Т. аттуу жарандын ишин караган. Соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алып, өкүнүп жатканын айткан.
Сот айыпталуучуну бул жорук боюнча күнөөлүү деп табып, Жоруктар кодексинин 90-беренесине ылайык, ага 60 саат коомдук иштерди аткаруу жазасын берген.