• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Телефону суунун жээгинен табылган. Таласта 14 жаштагы кыз изделүүдө

22 Баш оона 2022 9:51 Бишкек Govori.TV

Таласта 14 жаштагы өспүрүм кыз изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Манас районунда Бала-Саруу айылында токойдо 2008-жылы туулган М.М. аттуу кыз дайынсыз болуп жаткандыгы жана анын уюлдук телефону Талас суусунун жээгинде табылгандыгы тууралуу маалымат «112» кызматына түшкөн.

«Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 5 куткаруучу тартылып, издөө иши убактылуу токтотулду. Издөө иштери 22-август күнү улантылат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 338