• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түз эфир: Ыктыярчы топтордун коронавирус күчөгөн учурдагы ролу

22 Бирдин айы 2021 15:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталгандан тарта ыктыярчы топтор өз алдынча иш алып барып, алгач карантинде азык-түлүксүз, байланышсыз калган калктын аярлуу катмарларына жардам берсе, кийин оору күчөгөн июнь, июль айында вирус менен күрөшкөн алдыңкы сапта турушту. Өлкодөгу жигердүү жаштардын эмгегине АКШда чыккан ири басылма “New York Times” да өз баасын берип, аларды баатыр деп атады. Медициналык академиянын студенти Адинай Мурзабекованын өлүмү, андан кийин анын атынан аталган парк ж.б. иш чаралар ыктыярчылардын өлкодөгү ролун көрсөттү. Ушундан улам “COVID-19 учурундагы кыргызстандыктардын үнү” аттуу Борбор Азия университети демилгелеп, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчисинин колдоосу менен ишке ашып жаткан долбоордун алкагында бул теманы талкууга алынат.

Талкууга активист, июнь, июль айында айылдык мечитти стационарга айлантууга салым кошкон Азиза Абдирасулова укук коргоочу, жарандык активист, Тынчтыкбек Алтымышев «Элден элге» ыктыярчылар тобунун уюштуруучусу, София Айдана ыктыярчы, Аяттуллах Кочак Түркиядагы кардиохирург, ыктыярчы, Эламан Нурдинов Демилгелүү жаштар борборунун өкүлү катышат.

Количество просмотров: 109