Мен уяла турган эч нерсе кылган жокмун. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев Govori. TVга берген маегинде билдирди.
«Менин коркуп жашыра турган эч нерсем жок. Ошол эле учурда уяла турган жумушту кылган жокмун. Тескерисинче, өкмөттө иштегенде, депутат болуп турганда көп маселелерди көтөрүп чечтим. Убагында айтсам мактанып жаткандай туюлмак»,-деди Сариев.