Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматов соттун ачык өтүшүн талап кылды. Бул тууралуу анын кайрылуусу Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Анын айтымында, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков иштин материалдарынын биринчи жана 50-тому менен шектүүлөрдү тааныштырган жок.
«Кемпир-Абадчылар судя Марат Сыдыковдун соттук процессти жабык өтүү чечимин тааныбайбыз жана соттук процесстин ачык өтүшүн талап кылабыз! Биз, Кемпир-Абадчылар судя Марат Сыдыковдон кылмыш иши менен тааныштыруу чечимин мыйзамда каралган тартипте бардык тараптардын катышында кабыл алып, таанышууга тийиштүү шарттарды түзүп берүүнү талап кылабыз!», — деп жазылат билдирүүдө.