• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Темир Сариев шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” менен барат

18 Баш оона 2020 9:14 Бишкек Govori.TV

“Ак шумкар” саясий партиясынын лидери Темир Сариев алдыдагы парламенттик шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен барат. Бул тууралуу ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдиргенин “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырылды.

Сариевдин айтымында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров менен принциптери, алдыга койгон максаттары дал келген.

“Биз макулдашып чыктык. Буга чейин партиялаштарыбыз менен дагы макулдашканбыз. Бул макулдашуунун негизинде Мадумаров менен Сариев биригип, “Ак Шумкар” партиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен бирдиктүү шайлоого барат. Биздин алдыбызда чоң максаттар турат, аларды бирге жасайбыз”, – деди Сариев.

Эске салсак, 5-июнда бир топ саясатчылар парламенттик шайлоого бирге баруу үчүн “Ата Мекен” партиясынын туусу алдында “Жаңы дем” деген ураан менен стратегиялык өнөктөштүккө биригишкен. Алардын арасында “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев дагы бар эле. Август айынын башында Темир Сариев аталган өнөктөштүктөн чыгып кеткен. Себебин коомчулукка ачыктаган эмес.

https://www.facebook.com/temirsarievofficial/videos/3049745981814130/
Количество просмотров: 591