Мурунку экономика министри Темир Сариев УКМКга сурак берип чыкты. Ал бир сааттан ашык убакыт ичинде күбө катары көрсөтмө берген. Бул туурасында Искен Афиджанов фейсбуктагы баракчасына жазды.
Эске салсак, бүгүн 19-июнда Темир Сариевди УКМК суракка чакырылганы туурасында өздүк булактар билидирген. Ал ТЭЦти модернизациялоо иштерине байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары көрсөтмө берген.
Белгилей кетсек, ТЭЦтеги кырсыкка байланыштуу 4 кылмыш иши козголуп, ага тиешеси бар делген энергетика тармагындагы 7 аткаминер камалган. Алардын арасында Улуттук энергохолдинг компаниясынын мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башкы директору Салайдин Авазов бар. Мындан Сырткары мурунку премьер-министр Сапар Исаков, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовго жемкорлук айыбы тагылып камакка алынышкан.