Бүгүн, 9-октябрда «Ала-Тоо» аянтында өтүп жаткан митингде саясатчы Темир Сариевдин жан сакчысы ур-токмокко алынды. Маалыматты Govori.TVга Сариев тастыктады.
Анын айтымында, жан сакчысынын абалы оор.
«Ооба, видео тасмадагы адам менин жан сакчым. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Азыр ооруканадамын. Ок тийгени же сабалганы тууралуу дарыгерлер маалымат бере элек»,-деди Сариев.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык түйүндөрдө башы кан болуп, жерде эс учун жоготуп жаткан адамдын видеосу тараган болчу.