• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

«Темир тосмодон ашып…»: Ошто өзбекстандык студенттер кетүү үчүн документтерин даярдап жатат

13 Жалган куран 202014:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-мартта Ош мамлекеттик университетинде Өзбекстандан келип, билим алып жаткан студенттер окуу жайдын башкы кеңсесинде өз мекениндеги окуу жайларга которулуу үчүн кезекке туруп, тиешелүү документтерин даярдап жатышат. Аймактык кабарчы билдиргендей, кезекке тургандардын саны 500гө жакын.

Студенттердин айтымында, кезек көп болгондуктан айрымдары темир тосмолордон ашып өтүүгө аракет кылып жатышат.

Ош мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Замир Бөжөнов бул окуя боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.

«Учурда Оштогу бардык эле университеттерде Өзбекстандан келген студенттер өз өлкөсүнө кетүүнүн аракетинде жүрүшөт. Биздин окуу жайыбызда 3,5 миңдей студент окуйт. Алардын бардыгы бир учурда топтолуп, жанакындай көрүнүш болуп жатат. Анткени, алар бир топ документтерди толтурат. Мисалы, окуу жайдан которулуу үчүн арыз жазат, жетекчилердин колдорун, декандын колун койдуруп, эсептешүү баракчасын толтурат. Анда китепкана, жатакана, окуу жайга карызы барбы же жокпу, ошону баары текшерилет. Андан кийин биз «бул окуу жайда окуган» деген тастыктоо документин даярдап беребиз. Документтери толук бүткөндөн кийин Өзбекстанга кете беришет.

Башка факультетте окуп жаткан студенттер ары-бери чуркап, убара болбошу үчүн документтерди кабыл алуу, текшерүү ишин окуу жайдын башкы кеңсесине уюштурдук. Деканаттар да башкы кеңседе иштеп, студенттерди тейлеп жатат. Буйруса, бүгүн кечке чейин студенттерди тейлеп бүтөбүз. Учурда милиция кызматкерлерин чакыртып, студенттерди сыртка чыгарып, кезек-кезек менен киргизип жатабыз», — деди Замир Бөжөнов.

Мындай көрүнүш Ош шаарындагы бардык окуу жайларда орун алууда.

Булак: turmush.kg

Количество просмотров: 733