• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Темир Жумакадыровдун өлүмүнүн себеби аныкталабы? 15 адам суукка тоңуп каза болду Соңку жаңылыктар 26.01.18 (видео)

26 Үчтүн айы 2018 14:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.01.18.Govori.TV

Темир Жумакадыровдун өлүмү боюнча соттук териштирү  башталды

Темир Жумакадыровдун өлүмү боюнча соттук териштирүү башталды. Иш Москва райондук сотунда каралып жатат. 25-январдагы отурумда соттолуп жаткан 25 жаштагы Афтандил Таалайбек уулу күнөөсүн мойнуна аларын, 2 млн 127 миң сом чыгымды төлөй албасын айткан. Айдоочу жүк ташуучу унаа айдоого укук берген айдоочулук Е категориясын кырсыкка чейин төрт ай мурда алганы белгилүү болду.Кийинки соттук териштирүү 30-январга белгиленгенин жана анда эксперт көрсөтмө берип, жарыш сөз болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Соттон маалымдашты.Эске салсак, 38 жаштагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыров 017-жылдын 7-октябрь күнү Бишкек-Чалдыбар жолунда жол кырсыгынан каза болгон. Ал отурган «Тойота -Лэнд Крузер» автоунаасы буудай тартып бараткан «КамАЗ» автомашинасы менен кагылышып, натыйжада Темир Жумакадыров жанындагы жардамчысы — 30 жаштагы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу — 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов менен кошо каза тапкан.

Он беш адам сукка тоңуп каза болду

Январь айында Бишкекте он беш киши суукка тоңуп каза болгонун соттук-медициналык экспертиза аныктады. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморовдун билдиришинче, алардын баары үй-жайсыз адамдар. “Милиция кызматкерлери күндө иш алып барып жатат. Өткөн жумада алдын алуу иштерин жүргүзүүдө 239 селсаяк аныкталып, 22си үй-жайы жоктор үчүн «Коломто» борборуна жайгаштырылган. 25 кишиге тартип бузуу боюнча административдик протокол түзүлүп, соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайга жеткирилген» дейт Оморов. Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы суук күчөгөнүнө байланыштуу бардык райондордо үй-жайсыз адамдарга убактылуу башкалка берүүчү түйүндөр ачылганын билдирген.Ушу тапта Бишкекте сууктун күчү күндүз -19 градусту көрсөтүүдө.

Төрт айдоочу камакка алынды

Өткөн жумада Казакстандын Актөбө облусунда өрттөнүп кеткен автобустун айдоочулары убактылуу кармоочу жайга камалышты. Алардын үчөө тең Казакстандын жарандары. Бул тууралуу 25-январда Актөбө облустук прокуратурасынан билдиришти. Айдоочулар транспорт каражатын пайдалануу эрежелерин бузуп, коопсуздук эрежелерин сактаган эмес деп айыпталышууда. Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө автобустун өрттөнүп кетишине анын ичин жылытуу үчүн жылыткыч лампа колдонулганы себеп болгону аныкталган. Казакстандын Чымкент шаарынан Орусиянын Самара шаарына бараткан автобус 18-январда Актөбө облусунун Иргиз районунда өрттөнүп кеткен. Анда Орусияга иштегени бараткан Өзбекстандын 52 жараны каза такан. Беш киши анын ичинде үч айдоочу аман калган

Количество просмотров: 8