• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Темирлан Ормуков: “СИЗОнун тарыхында биринчи камалган азиз зек мен болдум”

14 Бугу 2018 13:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14. 05. 2018. Govori.TV

Бүгүн Жогорку Сот көзү азиз акын Темирлан Ормуковдун баш коргоо чарасын карады. Кызыгы, акын 1,5 ай №1 тергөө абагына камалып чыккандан кийин, “майыптыгы бар жаранды камоо мыйзамдуубу, жокпу” деген маселени Жогорку Сот эми карап жатканы коомчулуктун кыжырдануусун жаратууда. Отурумда айыпталуучу бул маселени кароо эми керек эмес экенин айткандан кийин гана, кыскартылды.

“СИЗОнун караңгы камерасында адам өлтүргөндөр, уурулук, алдамчылык кылып камалгандар менен, жалпы 10 киши менен отурдум. СИЗОнун тарыхында биринчи азиз кармалуучу зек мен экенмин. Майып адамды кармачу шарттар жок экен. “Атамбаевди сындап ыр жазган акынды алып келип жатышыптыр деп” баары мен тууралуу кабардар экен. Өмүрүмө коркунуч туудурган эч ким болгон жок”, — дейт азиз акын Темирлан Ормуков.

Ушул эле күнү Шаардык сотто Ормуковго карата КСДПчы депутат Дастан Бекешевдин даттануу арызы каралып, отурумга Бекешев келбегендиктен, сот 24-майга жылды. Эске салсак, Ормуков депутат Дастан Бекешевди мыйзамсыз иштерге айыптаган. Ормуковго карата жалган маалымат таратуу боюнча кылмыш иши козголгон. Депутат кадыр-баркыма шек келтирди деген кине менен Ормуковду 50 миң сом айыпка жыккан. Октябрь райондук соту аны бир айга №1-тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. 29-мартта акын тергөөгө чакырылып, кармап кетүү аракети болгон учурда өзүнүн ичин кесип салган. Тез жардам менен оорукана жеткирилип, бир жумдан кийин тергөө абагына которулган.

Кошумчалай кетсек, Темирлан Ормуков экс-президент Алмазбек Атамбаевди сындап “Ажонун ооруп жүрөгү” аттуу ыр жазып, анысы коомчулукта резонанс жараткан. Бул ыр боюнча депутат Дастан Бекешов “президенттин аброюна шек келтирди” деп чыккан. Мындан тышкары, азиз акын менен азиз депутаттын ортосунда майыптарга берилүүчү үй боюнча талаш-тартыштар бүтпөй келет. Учурда Темирлан Ормуковдун үйү арестте.

Количество просмотров: 26