• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Тенгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы каралууда

15 Аяк оона 2022 15:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингинин мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы каралууда.

Башкы прокуратура буга чейин “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүктү кармаган.

Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ишин текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын кабарлаган.

Количество просмотров: 157