Бишкек. 22.01.2019. Govori.TV
Транспорт жана жол министрлиги милиция менен биргеликте унаасынын алдыңкы терезесин караңгылатып алган айдоочуларга рейд өткөрүшүүдө. Бул тууралуу транспорт министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, рейд шаардын көчөлөрүндө жүргүзүлүп, мыйзам боюнча 5500 сом айып салынып жатат.
“Жаңы жылдан тарта күчүнө кирген Эреже бузуу жөнүндөгү мыйзам боюнча машинасынын терезесин мыйзамсыз караңгылатып алгандарды транспорт министрлиги тескейт. Бирок өкмөт мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду парламентке жөнөттү. Анда унаанын айнектерин караңгылатып жүргөн айдоочуларга айыппул салуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлоруна жүктөлөт”,-деп айтылат маалыматта.