• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

«Тергөө иштери адилетүү болоруна үмүт артып туралы». Айдарова Мадумаровдун камалышы тууралуу оюн айтты

4 Аяк оона 2023 11:58 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү, депутат Айгүл Айдарова Мадумаровдун камакка алынышы тууралуу оюн билдирип, тергөө иштери адилеттүү болоруна үмүт артып туралы деген пикирин айтты.

«Мадумаров дайыма Төрт көчө боюнча айыпталат, өзү бул айыпты жокко чыгаруу үчүн күрөшкө даяр болуп жатканын кесиптешибиз Гуля Кожокулова да өз интервьюсунда айтты. Мадумаров эски саясатчы бул кырдаалдан кантип чыгууну сиз менен мага караганда жакшы билет. Азыр тергөө иштери башталды. Тергөө эми башталды. Тергөө иштери адилетүү болоруна үмүт артып туралы. Убакыт көрсөтөт ошого жараша ой-пикир билдирем», — деди депутат.

Адахан Мадумаров парламенттеги оппозициялык көз караштагы «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери.

Аны 2-сентябрда Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткени белгилүү болгон. Биринчи май сотунун чечими менен ошол эле күнү депутат 24-октябга чейин камакка алынган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаров боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергеп жатканын билдирген.

Ал эми саясатчыны Кемпир-Абад иши боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Количество просмотров: 1446