• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Террордук уюмга тиешеси бар чет элдик жарандар Оштон кармалды

19 Чын куран 2023 11:31 Бишкек Govori.TV

 «Тавхид ва жихад катибаси» террордук уюмунун Стамбулдагы ячейкасына тиешеси бар чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык,17-апрелде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн эл аралык террористтик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Тавхид ва жихад катибаси» террордук уюмунун Стамбулдагы ячейкасына тиешеси бар Өзбекстандын жарандары М.З. жана М.Ф. кармалды. Алар өз өлкөсүндө издөөдө жүрүшкөн.

«Аталган жарандар башка кооптуу өлкөлөргө чыгып кетүү үчүн жасалма документтерди алуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүшкөн. Бул факты боюнча Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси («Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз өтүү») боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, М.З. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 48