• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024
Members from Hashid Shaabi hold a portrait of Quds Force Commander Major General Qassem Suleimani during a demonstration to show support for Yemen’s Shi’ite Houthis and in protest of an air campaign in Yemen by a Saudi-led coalition, in Baghdad March 31, 2015. Saudi troops clashed with Yemeni Houthi fighters on Tuesday in the heaviest exchange of cross-border fire since the start of a Saudi-led air offensive last week, while Yemen’s foreign minister called for a rapid Arab intervention on the ground. REUTERS/Thaier Al-Sudani

Террористтер Ирактын АКШ элчилигине кол салышты. АКШнын аскерлери Касем Солейманини өлтүрүштү

3 Үчтүн айы 2020 20:09 Бишкек Govori.TV

2019-жылдын 31-декабрында Ирандын колдоосун алган террористтер Ирактын Багдад шаарындагы АКШ элчилигине кол салышты. Мамлекеттик катчы Майкл Р. Помпео террористтер элчиликте жайгашкан АКШ дипломаттарына жана персоналына коркунуч көрсөткөнү тууралуу айтты. “Бул мамлекет тарабынан каржыланган терроризм. Бул терроризм Иран тарабынан каржыланып Американын кызыкчылыктарына коркунуч көрсөткөн” деп мамлекеттик катчы Помпео айтып кетти. Ал элчиликтин коопсуздугун тастыктап мониторинг улантылып жатканы тууралу айтты.

Президенттин буйругу менен 3-январда АКШнын аскерлери америкалык персоналды коргоо үчүн АКШда чет-элдик террористик уюм катары каралган Ислам революциясынын сакчыларынын Кудс курамынын башчысы Касем Солейманини өлтүрүшүп, чечкиндүү коргоо иш-аракетин жүргүзүштү. Солеймани Иракта жана бүткүл региондо америкалык дипломаттарга жана аскерлерге кол салуу үчүн активдүү пландарды түзүп келген. Акыркы бир нече айдын ичинде Ирактагы коалициянын базаларына кол салуулар, анын ичинде 27-декабрда бир американын жараны каза болуп, дагы бир нече американын жараны менен ирактык аскери жарадар болгон кол салуунун артында Солеймани турган. Бул сокку келечектеги Ирандын кол салуу боюнча пландарын ишке ашыруудан кармап калуу үчүн даректелген.

29-декабрда президент Трамп АКШ күчтөрүнө Иран каржылаган Ирак жана Сирияда жайгашкан объектерге жана куралдуу мыйзамсыз топторго каршы абадан сокку жүргүзүү туралуу буйрук берди. Бул соккулар Ирактагы американын аскерлерин жана американын жарандарын коргоо үчүн, жана Иранды кол салуудан кармап калуу үчүн коргоонуу аракети болду. 2018-жылдын сентябрынан баштап Трамптын администрациясы АКШ жарандарына, АКШ аскерлерине жана өзүнүн союздаштарына кол салууга жол бербейт деп так белгиледи. Мамлекеттик катчы Помпео Ирандын контролундагы кайсы бир күчтөр болбосун американын жарандарына же анын союздаштарына зыян келтирчү болсо, АКШ чечимдүү жооп берет деп жакында катаал эскертүү жасады.

Бул соккулар Ирак, Сирия жана кайсыдыр башка жерлерде АКШнын кызыкчылыктарына зыян көрсөткөн Ирандын коркунучуна АКШ жооп берерин көрсөтөт. Мамлекеттик катчы Помпео 2018-жылдын сентябрында “Биз АКШнын кызыкчылыктарына кол салуу үчүн Ирандын көзөмөлүндөгү күчтөрдү колдонгону үчүн жоопкерчиликтен баш тартууга жол бербейбиз: Иран бул сыяктуу окуялар үчүн жоопкерчиликти тартат”- деп айтты.

Количество просмотров: 981