• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Тез жардамдын» айдоочусу баңгизат колдонгон абалда болгон

28 Баш оона 202414:10 Бишкек Govori.TV

Кечээ кечинде борбордо унаалар кагышкан, анын бири «тез жардамдын» унаасы болгон. Кырсык болгон учурда 44 жаштагы «тез жардам» унаасынын айдоочусу баңгизаттын таасиринде болгон. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Буга чейин бул жол кырсыгы катталганы маалымдалган.

Кырсык кечээ кечинде Ахунбаев көчөсү менен Айтматов проспектисинин кесилишинде болгон — реаниматолог жаракат алган. Унаада бейтап да болгон, ал дагы ооруканага жеткирилген.

Количество просмотров: 1361