• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ак-Өргөдө тез жардам станциясы ачылды

16 Жетинин айы 2023 14:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда тез жардам станциясы ачылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, медициналык мекемеде амбулатория, фельдшердик пункт, жетекчинин кабинети, медициналык кабинеттер, диспетчердик пункт, тазалоочу шаймандарды сактоо үчүн санитардык жай, дары-дармектер үчүн кампа жайгашкан.

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан бүгүнкү күндө унаа токтотуучу, унаа жуучу жайларды уюштуруу, ошондой эле ички жана тышкы тармактарды куруу иштери аткарылды.

Эскерте кетсек, тез жардам станциясынын курулушу Катар кайрымдуулук фонду менен биргеликте каржыланган.

Количество просмотров: 74