• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Тик учак кырсыгында жабыркагандардын абалы айтылды

18 Үчтүн айы 2024 9:59 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министрлиги тик учак кырсыгында жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат берди.

Маалыматка караганда, Тез жардам ооруканасында 8 адам дарыланууда. Реанимацияда жаткан төртөөнүн экөө палатага которулду. Жабырлануучулардын экөө Улуттук госпиталда, алардын абалы дагы туруктуу.

Эске сала кетсек, 17-январда КР ККнын Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кулаган.

Кырсыктан 11 адам жабыркап, алардын ичинен бир аскер кызматкери каза болгон. Жабыркаган 10 адам учурда Бишкектеги ооруканаларга жеткирилген.

Тик учактын кыйрашы боюнча айрым кызмат адамдары убактылуу иштен бошотулган.

Количество просмотров: 242