• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Тик учактын кыйрашы боюнча айрым кызмат адамдары убактылуу иштен бошотулду

17 Үчтүн айы 2024 16:40 Бишкек Govori.TV

 Бишкектин Достук кичи районуна жакын “Фрунзе-1” авиабазасындагы тик учактын кыйрашы боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Ага байланыштуу Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн айрым кызмат адамдары убактылуу иштен бошотулду. Мындай чара тергөө иштерин объективдүү жүргүзүү максатында кабыл алынган.

Эске сала кетсек, 17-январда КР ККнын Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кулаган.

Кырсыктан 11 адам жабыркап, алардын ичинен бир аскер кызматкери каза болгон. Жабыркаган 10 адам учурда Бишкектеги ооруканаларга жеткирилген.

Количество просмотров: 110