• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

TikTok социалдык тармагын жабуу сунушталды

16 Жетинин айы 2022 16:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев Кыргызстанда TikTok социалдык тармагынын иштешине тыюу салууну сунуштады.

Кыдыкбаевдин айтымында, TikTok тармагында кыргыздын менталитетине туура келбеген нерселерди чыгарышууда.

«TikTok тармагынан көрүп жатасыңар, ар кандай жарнамалар чыгып жатат. Кээ бири баңгизатты, аракты жарнамалап, өзүлөрүнүн денесин көрсөткөндөр дагы бар. Ошол жактан балдарыбыз көрүп жатат, кандай таасир этерин ойлонуп, анализдеп жатасыңарбы. TikTok тармагын жаап деле койсо болбойбу», — деп кайрылды Кыдыкбаев.

Количество просмотров: 324