Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Таабалды Тиллаев Баткен облусунун Таш-Тумшук айылынын тургуну Тажикистандын атайы кызматтары тарабынан чек араны мыйзамсыз өткөн деген жүйө менен кармалганын айтты.
Анын айтымында, кыргызстандык 1985-жылы туулган Асылбек Каримов аттуу жаран коңшу өлкөнүнү атайы кызматтарынын кармоосунда.
«Баткенде чек ара болгон эмес, адамдар кылымдар бою аларсыз эле жашап келишкен. Ал эми коңшулардын азыркы кыймылы түшүнүксүз болуп жатат», — деп билдирди эл өкүлү.
Мындын тышкары, Тиллаев спикерге бул окуяны тактоого жана иликтөөгө тапшырма берүүнү айтты.