Евразия экономикалык комиссиясы Кыргызстандын унаа бажысы боюнча өтүнүчүн колдогон жок. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев өзүнүн оюн билдирди.
Анын айтымында, Өкмөт өлкөгө унааларды жеңил тариф менен ташып келүүгө убакытты узартуу маселесин 1 жыл мурун көтөрүш керек эле.
“Армения жана башка өкөлөлөр бир топ жеңилдиктерди алган. Биздикилер күрөшкөн эмес буга байланыштуу министрлер дагы үн каткан жок. Бул чоң рынок болгондон кийин өзүбүздүн таламыбызды талашышыбыз керек болчу. Бул жагынан Өкмөт уктап калды”,-деди Тиллаев.