• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

ТИМ: Алматыда калган жүргүнчүлөр Бишкекке бүгүн түндө кайтат

29 Үчтүн айы 2021 17:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-январда Түркиянын Стамбул шаарынан Бишкекке келе жаткан учак аба ырайына байланыштуу Казакстандын Алматы шаарына конду.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, аталган учак Алматыдан Бишкекке 30-январга караган түнү саат 00:45те учуусу күтүлүүдө. Стамбул-Бишкек каттамы менен келе жаткан учактын жүргүнчүлөрү тамак-аш жана мейманкана менен камсыз болгон.

Буга чейин жергиликтүү маалымат булактары Түркиядан Кыргызстанга учуп келе жаткан учак тумандан улам «Манас» аба майданына коно албай калганын, Алматыдагы жүргүнчүлөр үйлөрүнө кайта албай жатышканын жазган.

Количество просмотров: 240