“Аэрофлот” авиакомпаниясынын Москва–Бишкек каттамынын жүргүнчүлөрү аэропорттон өз билемдик менен чыгып кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Манас” Эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бул каттамдын жүргүнчүлөрү бардык тийиштүү процедуралардан өтүшкөн.
«Республикалык штабдын чечими боюнча 22-марттан тарта чет өлкөлөрдөн учуп келген бардык жүргүнчүлөр тийиштүү процедуралардан – паспорт көзөмөлү, санитардык-карантиндик пункттан өткөндөн кийин, обсервация жайларына жеткирилүүдө»,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык түйүндөрдө “Аэрофлот” авиакомпаниясынын Москва–Бишкек каттамынын жүргүнчүлөрү аэропорттон өз билемдик менен чыгып кетти деген маалымат тараган болчу.